КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 15-декабры № 208 (13)

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 44700435,8 миң сом суммасында, чыгымдар боюнча 42312302,8 миң сом суммасында, кирешелердин чыгымдардан 2388133,0 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 19-декабрында № 129 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков

 

2017-жылдын 15-ноябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган