«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү ту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 24-январы N 8

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2005-жылдын 5-августундагы N 120, 2006-жылдын 27-январындагы N 31, 2006-жылдын 24-февралындагы N 63, 2006-жылдын 12-майындагы N 85, 2006-жылдын 12-майындагы N 86, 2006-жылдын 8-августундагы N 162, 2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 8-июлундагы N 86, 2011-жылдын 8-июлундагы N 87, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2012-жылдын 11-апрелиндеги N 29, 2012-жылдын 8-августундагы N 156, 2012-жылдын 8-августундагы N 157, 2015-жылдын 13-февралындагы N 32, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2015-жылдын 3-августундагы N 212, 2016-жылдын 25-июлундагы N 139, 2016-жылдын 17-ноябрындагы N 178, 2016-жылдын 18-ноябрындагы N 181, 2017-жылдын 5-январындагы N 2, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112, 2017-жылдын 15-июлундагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-майындагы N 278 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр төмөндөгүлөр болуп саналат:

а) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр);

б) дыйкан (фермердик) чарбалары;

в) жеке ишкерлер жана жеке жактар.

(КР 2016-жылдын 17-ноябрындагы N 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-статья. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:

1. Иш берүүчүлөр үчүн:

а) жалданган кызматкерлердин, туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан аткарууга кабыл алынгандардын анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

в) Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашап, бирок Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак менен эмгектик мамилелерде болгон чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок кызматкер адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын:

Пенсиялык фондго - пенсиянын тиешелүү бөлүгүнө - 3 пайыз.

г) дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлеринин пайдасына кошуп эсептелген төлөөлөрдүн бардык түрлөрүнөн, - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башка кызматкерлери, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Кызматкерлер үчүн:

а) туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан жалданган кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

а-1) каржылоонун булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 8 пайыз өлчөмүндө;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 10 пайыз өлчөмүндө;

б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

в) дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен барган мамлекетте жалдоого алынган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, ошондой эле чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жана дипломатиялык кызмат органдарынын тутумуна кирбеген эл аралык уюмдардын башка кызматкерлерине - ушул пункттун "а", "а-1" жана "б" пунктчаларына ылайык.

Ушул пунктчада көрсөтүлгөн кызматкерлерге жана кызматчыларга камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2006-жылдын 24-февралындагы N 63, 2006-жылдын 8-августундагы N 162,  2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2007-жылдын 10-августундагы N 144,  2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2016-жылдын 25-июлундагы N 139, 2017-жылдын 15-июлундагы N 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр - Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн:

- кызматкерлердин, анын ичинде майып - кызматкерлердин жана пенсионерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз пайыз өлчөмүндө;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 15 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн - пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 9,5 пайыз өлчөмүндө;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 7,5 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн пенсиялык фондго - 9,5 пайыз өлчөмүндө;

в) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2006-жылдын 24-февралындагы N 63, 2007-жылдын 10-августундагы N 144, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери, диний уюмдар жана алардын кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр - коммерциялык эмес кооперативдер, коомдук фонддор, коомдук бирикмелер, турак жай ээлеринин шериктиктери жана диний уюмдар үчүн:

майып - кызматкерлердин жана пенсионерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 13,25 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 13 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) майып - кызматкерлер жана пенсионерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан башкалар) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдөн ай сайын Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Үчүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

(Төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Коммерциялык эмес кооперативдердин, коомдук фонддордун, коомдук бирикмелердин, турак жай ээлеринин шериктиктеринин жана диний уюмдардын майып жана пенсионер эмес кызматкерлерине камсыздандыруу төгүмдөрүн кошуп эсептөө жана төлөө, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-статья. Дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери

1. Өзүнүн ишин юридикалык жакты түзүү менен жүзөгө ашырып жаткан дыйкан (фермердик) чарбалар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана аларды төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык белгиленет.

2. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифинин жылдык базалык ставкасынын өлчөмүндө белгиленет:

Областтардын жана райондордун аталыштары

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн базалык ставкалары (сом/га)

сугат жерлер

кайрак жерлер

көп жылдык өсүмдүктөр

чөп чабындылар, жайыттар

1

2

3

4

5

Баткен областы

 

 

 

 

Баткен району

268

41,3

149

7

Лейлек району

268

41,3

149

15

Кадамжай району

275

41,3

150

17

Жалал-Абад областы

 

 

 

 

Аксы району

306

56,7

193

15

Ала-Бука району

306

41,3

204

15

Базар-Коргон району

414

41,3

220

20

Ноокен району

453

41,3

193

18

Сузак району

414

41,3

220

20

Тогуз-Торо району

223

62,3

-

20

Токтогул району

239

62,3

201

20

Чаткал району

194

62,3

-

20

Ысык-Көл областы

 

 

 

 

Ак-Суу району

373

87,5

173

20

Жети-Өгүз району

305

74,9

168

15

Ысык-Көл району

280

68,6

155

15

Тоң району

236

39,2

119

15

Түп району

379

87,5

174

20

Нарын областы

 

 

 

 

Ак-Талаа району

205

37

-

10

Ат-Башы району

191

54,3

-

10

Жумгал району

196

37

-

10

Кочкор району

215

37

-

10

Нарын району

196

54,3

-

10

Ош областы

 

 

 

 

Алай району

232

62,3

-

10

Араван району

436

41,3

226

8

Кара-Кулжа району

232

62,3

117

10

Кара-Суу району

453

41,3

246

15

Ноокат району

413

62,3

233

15

Өзгөн району

413

62,3

235

20

Чоң-Алай району

183

-

-

15

Талас областы

 

 

 

 

Бакай-Ата району

318

52,5

164

7

Кара-Буура району

350

36,4

165

7

Манас району

331

36,4

166

7

Талас району

297

52,5

164

7

Чүй областы

 

 

 

 

Аламүдүн району

400

56,5

209

15

Жайыл району

 

 

 

 

а) Чүй зонасы

329

67,9

213

15

б) Суусамыр зонасы

189

34,5

-

7

Ысык-Ата району

400

74,2

213

15

Кемин району

354

80,5

211

15

Москва району

392

67,2

215

15

Панфилов району

362

67,2

215

15

Сокулук району

407

67,2

211

7

Чүй району

400

74,9

211

15

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери шаарларда жана калктуу конуштарда ушул пунктта каралган, жакын турган администрациялык райондор үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.

Юридикалык жакты түзбөгөн фермердик дыйкан чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жер үлүшүнүн иш жүзүндөгү аянтына жараша, ушул пунктта каралган ставкаларга карата пропорциялуу төлөйт.

Көлмөлөрдүн ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун сугат айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.

Насостук станциялар менен сугарылуучу жерлердин ээлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин базалык ставкалары тиешелүү райондун кайрак айдоо жерлери үчүн колдонулуучу ставкалар боюнча белгиленет.

Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда жайгашкан юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчыларына жана мүчөлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин төлөөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жеңилдиктер берилет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларынын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырат.

3. Табигый кырсыктары (суу каптоо, сел, жер титирөө, жер көчкү, мөндүр уруу, кургакчылык, үшүк алуу) же башка өзгөчө кырдаалдар учурунда дыйкан (фермер) чарбалары үстүбүздөгү жыл үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү түрдө комиссиялап бекитсе, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулат.

4. Дыйкан (фермердик) чарбалар өз жерлерин ижарага бергенде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жерди ижарага берүүчү тарабынан ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө жана тартипте төлөнөт.

5. (КР 2015-жылдын 19-мартындагы N 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2005-жылдын 13-февралындагы N 29, 2005-жылдын 30-июнундагы N 87, 2005-жылдын 5-августундагы N 120, 2006-жылдын 12-майындагы N 85, 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2015-жылдын 3-августундагы N 212, 2017-жылдын 5-январындагы N 2, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-1-статья. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы

(Статьянын аталышы КР 2017-жылдын 29-июнундагы N 112 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Айыл чарба кооперативдери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

а) жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан жумуш берүүчүлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган, жалданган кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөп берүүлөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 2 пайыз өлчөмүндө;

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1,75 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) туруктуу же убактылуу жумушка кабыл алынган кызматкерлер, жумуш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдарында катталган түрүнө карабастан, пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген бардык төлөп берүүлөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө.

Фонддор боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүштүрүлөт:

Пенсиялык фондго - 8 пайыз;

Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго - 2 пайыз;

ушул Мыйзамдын 11-1-беренесинин "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 10 пайыз өлчөмүндө;

пенсионер-кызматкерлер үчүн - Пенсиялык фондго 8 пайыз өлчөмүндө.

в) I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө.

2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

Өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) айыл чарба кооперативине ижарага беришкен жана ошол эле мезгилде алардын кызматкерлери болгон айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир негиз боюнча төлөөнү тандоо укугуна ээ болушат.

Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ, ошондой эле өздөрүнүн жер участокторун (үлүштөрүн) ижарага беришкен айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрү үстүдөгү жылдын 25-июлуна чейин бир жолу же 25-июлуна чейин жана 25-декабрына чейин бирдей үлүштөр менен төлөнөт.

Айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрү ижарачы тарабынан төлөнөт.

(КР 2012-жылдын 8-августундагы N 156, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60, 2017-жылдын 29-июнундагы N 112 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

6-статья. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары

1. Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн, анын ичинде контейнерлерден, павильондордон, күркөлөрдөн товар сатып базарларда иш жүргүзгөн (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу же лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатуу жолу менен базарларда иштеген жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";

2-1. Лотоктордон, соода орундарынан товарларды сатып базарларда ишкердик ишин жүргүзгөн жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 3 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат:

Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 пайыз.

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн, пенсионер-кызматкерлерди жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 4 пайыз;

Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз;

б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 4 пайыз өлчөмүндө;

I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) - каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын, -  Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;

ушул Мыйзамдын 11-1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго - 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде рыноктордо иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө белгиленет.

(КР 2009-жылдын 20-июлундагы N 238, 2011-жылдын 8-июлундагы N 86, 2011-жылдын 24-декабрындагы N 253, 2015-жылдын 19-мартындагы N 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Төлөөчүлөрдүн айрым категориялары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкасы

1. Кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:

Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз;

Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.

2. Жер үлүшүнө жана/же айыл чарба багытындагы жер участогуна же анын бир бөлүгүнө ээ болгон, бирок дыйкан (фермердик) чарбасынын мүчөсү болуп саналбаган же өзүнүн жер үлүшүн жана/же участогун же анын бир бөлүгүн ижарага берүү менен киреше алган жеке жактар үчүн, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын жерлеринин ижарачылары - жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленет.

3. Жеке жактарга Мамлекеттик фонддогу айыл чарба жерлеринен (жайыттарды кошпогондо) жерлерди, токой фондусунун участокторун ижарага берүүдө, камсыздандыруу төгүмдөрү жерди, участокту ижарага алуучу тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт. Мында токой фондусунун участоктору үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн көп жылдык өсүмдүктөргө каралган жер салыгынын базалык ченине теңештирилет.

Жеке жактарга жайыттарды пайдалануу укугу берилгенде камсыздандыруу төгүмдөрү жайыт пайдалануучулар тарабынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктуна ылайык белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнөт.

4. Юридикалык жакты түзбөстөн өз ишин жүзөгө ашырган жеке жактар, берилген лицензиялардын негизинде иштегенде