Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 10-февралы № 85

Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн

2012-жылдын 25-сентябрындагы № 6432013-жылдын 9-апрелиндеги № 1791 июля 2013 года № 395,
2013-жылдын 27-августундагы № 4682014-жылдын 10-февралындагы № 802014-жылдын 17-мартындагы № 144,2014-жылдын 15-майындагы № 2592014-жылдын 18-ноябры № 6552015-жылдын 26-марты № 160
токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:

- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин 2012-жылдын 1-июнунан тартып жетекчиликке алышсын;

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине  киргизилбеген акы төлөмө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол беришпесин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)

2-1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)

22. Бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү сарптоолорго жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 6432015-жылдын 26-марты № 160 токтомдорунун редакциясына ылайык)

3. Аткаруу бийлиги органдарынын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген мамлекеттик акы төлөмө кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартышат.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз категориядан акы төлөмө категорияга которуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системаланган реестрин (тизмегин) түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан милдеттүү түрдө каралууга жатат.

5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын типтүү стандартынын долбоорун киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Аткаруу бийлиги органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген кызматтарды алып салууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизишсин.

6-1. Бул токтомду колдонуу төмөнкүлөргө таркатылбайт:

- мамлекеттик ишканаларга;

- өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);

- белгиленген функцияларды түздөн-түз аткаруу боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин ортосундагы ведомстволор аралык жана ведомстволор ичиндеги өз ара аракеттенүүсүнө;

- жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактар;

- театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 6432013-жылдын 9-апрелиндеги № 1792014-жылдын 15-майындагы № 259 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

7. 2012-жылдын 1-июлунан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-декабрындагы №848 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы №377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун78-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы №327 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 430 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 515 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-сентябрындагы №586 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №8 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу"токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №85 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 193 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 168 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ө. Бабанов