Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2014-жылдын 3-июну № 303

Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк

бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан

жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик

кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 675,

2014-жылдын 22-декабрындагы № 720, 2014-жылдын 26-декабрындагы N 735,

2015-жылдын 9-февралындагы № 45, 2015-жылдын 12-февралындагы № 54,

2015-жылдын 18-февралындагы № 66, 2015-жылдын 19-мартындагы № 131,

2015-жылдын 26-мартындагы № 161, 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 237,

2015-жылдын 14-майындагы № 292, 2015-жылдын 20-майындагы N 307,

2015-жылдын 26-майындагы № 325, 2015-жылдын 8-июлундагы № 465,

2015-жылдын 15-июлундагы № 500 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

      Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 9-пунктун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

      1. Тиркелген: Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилсин.

      2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:

- бул токтомдун 1-пункту менен каралган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алышсын жана сакташсын;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такта ларга жайгаштырышсын.

      3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

  4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 10-июнунда № 44 жарыяланды

     5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Дж.Оторбаев