«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2015-жылдын 31-декабрына чейин камсыздандырылган жарандардын пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкаруу жүргүзөт жана мамлекеттик баалуу кагаздар менен коммерциялык банктардын депозиттерине инвестициялайт. 2016-жылдан баштап камсыздандырылган адамдар өз пенсиялык топтоолорун өз алдынча башкарууга укуктуу болушат. Мында алар башкаруучу компанияны же топтолмо пенсиялык фондду тандап алууга тийиш. Бул укукту ишке ашыруу тартиби «Камсыздандырылган адамдардын топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо укугун ишке ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы №316 токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен талаптарга жана ченемдерге жооп берген топтолмо пенсиялык фонддор жана башкаруучу компаниялар гана пенсиялык топтоолорду башкарууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-февралындагы №98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында топтолуучу пенсиялык системаны өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планына ылайык он бир ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу каралган. Анда пенсиялык топтолуучу каражаттарды инвестициялоо процессинде субъекттердин  өз ара аракеттенүүлөрү, ошондой эле  пенсиялык топтоолор менен иштөөдө финансылык рыноктун катышуучуларына талаптар белгиленет. Аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы иштеп чыгат.

Бүгүнкү күндө  башкаруучу компаниянын жана депозитарийдин өз жоопкерчилигин камсыздандыруучу компаниялар менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле элек.

Жогоруда баяндалгандарды жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча Социалдык фонддун жакшы натыйжаларын эске алып, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты.

Долбоор менен пенсиялык топтоолорду ишеним башкарууну 2016-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна калтыруу белгиленет. Бул мезгил пенсиялык топтоо каражаттарына ишенимдүү башкаруу келишими жана депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимди түзүү, конкурстарды уюштуруу жана камсыздандырылган адамдар тарабынан  башкаруучу компаняларды же топтолмо пенсиялык фонддорду тандоо мезгили. Аталган мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн олуттуу даярдык көрүүгө тийиш.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири маалыматтык компанияларды уюштуруу, ведомстволор аралык конкурстук комиссияны түзүү, конкурстун катышуучулары – башкаруучу компаниялар жана депозитерийлер үчүн конкурстук документацияларды даярдоо жана мыйзамдын талаптарына ылайык  конкурстарды уюштуруу зарыл.

Ошону менен бирге эле  Социалдык фонд камсыздандырылган адамдардан топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды тандоо тууралуу арыздарды кабыл алууга, жарандардын пенсиялык топтоолорун жеке финансылык түзүмдөргө даректүү өткөрүп берүүдө камсыздандырылган адамдардын арыздарын жекече эсепке алууга жана иштеп чыгууга тийиш.

2017-жылдын 1-январынан тартып камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн пенсиялык топтоолорун андан ары инвестициялоо үчүн башкаруучу компанияларга же мамлекетттик эмес топтолмо пенсиялык фонддорго арыз берүү тартибинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Топтолмо пенсиялык фондду же башкаруучу компанияларды  тандабаган камсыздандырылган адамдардын  пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык андан ары инвестициялоо үчүн Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунда калат.

Последние новости

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.

2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн...

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын...

Кыргызстан - Молдова. Кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды
Кыргызстан - Молдова. Кызматташуунун жаңы багыттары талкууланды

2024-жылдын 26-28-мартында Бишкек шаарында, 2008-жылдын 23-июлундагы «Кыргыз...

Социалдык фонддун өкүлдөрү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту
Социалдык фонддун өкүлдөрү Россия Федерациясындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушту

2024-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен...

Социалдык фонд мигранттарды татыктуу пенсия менен камсыздоого кам көрүүдө
Социалдык фонд мигранттарды татыктуу пенсия менен камсыздоого кам көрүүдө

2024-жылдын 25-26-мартында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу...