ПЕНСИЯЛЫК СИСТЕМА

Пенсиялык система жандуу организмдей  коомдун заманбап өнүгүүсүн мүнөздөгөн көптөгөн факторлордон көз каранды. Ушуга байланыштуу, пенсиялык системага мамлекеттин демографиялык же социалдык-экономикалык кырдаалына  байланыштуу өзгөрүүлөр таасирин тийгизет.

Кыргыз Республикасында пенсиялык реформанын алгачкы этаптарынан баштап  бир топ жыл өттү. Натыйжада  белгиленген төлөөлөрү менен кайра бөлүштүрүүчү пенсиялык моделдин ордуна жарандардын жекече пенсиялык эсептери менен шарттуу-топтолуучу система киргизилди.

Реформанын алгачкы этабында 1997-жылы Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдарына бир топ олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди:

  • пенсиялык курак акырындык менен жогорулатылды: эркектер үчүн 60 жаштан 63 жашка чейин жана аялдар үчүн 55 жаштан 58 жашка чейин.

 

 

Жынысы

Курагы

Жалпы камсыздандыруу стажы

Кошумча шарттар

Жалпы белгиленген пенсиялык курак

эркектер

63 жаш

25 жыл*

 

аялдар

58 жаш

20 жыл*

 

Пенсияга эрте чыгуу

эркектер

60 жаш

40 жыл

 

аялдар

55 жаш

35 жыл

 

Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу

эркектер

 

60 жаш

 

-

Жалпы белгиленген пенсиялык куракка чейин жетпеген ар бир ай үчүн пенсия  1,5% га азайтылып чектелет

аялдар

 

55 жаш

 

-

*- Пенсиянын базалык бөлүгүн толук өлчөмдө эсептөө үчүн керектүү стаж

 

  • бир катар жеңилдиктерди жок кылуу, мисалы, айрым кесиптердин жана топтордун өкүлдөрү үчүн пенсияга эрте чыгуу жеңилдиги;
  • үч компоненттүү пенсиялык система: жетиштүү стажы бар ар бир пенсионерге кепилденген пенсиянын базалык бөлүгү; кызматкердин иштеген салымына ылайык пенсия менен камсыз кылуу: мында кызматкердин салымы жекече эсепке алуу киргизилгенге (1996-жылга) чейин орточо эмгек акыдан пайыз түрүндө эсептелет жана жекече эсепке алуу киргизилгенден (1996-жылдан) кийин  пенсионердин эсебинде топтолгон жеке пенсиялык төгүмдөрдөн эсептелет.

Пенсиялык реформалоонун кийинки этабында 2010-жылдын 1-январынан тартып шарттуу-топтолуучу пенсиялык эсептер системасына  кызматкерден 2% төгүмдөр өлчөмүндө топтолуучу компонент киргизилди.

Топтолуучу компонент киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасы үч компоненттен турат:

1.  мамлекеттик милдеттүү тилектештик пенсиялык система;

2. милдеттүү топтолуучу компонент;

3.  ыктыярдуу жеке топтолуучу система.

 

 

 

Мамлекет тарабынан социалдык колдоо

Милдетүү катышуу

Ыктыярдуу катышуу

 

 

 

Пенсиялык реформалоонун алгачкы этаптарынын натыйжасында  азыркы пенсиялык системада оң жылыштар пайда боло баштады. Жарандарды жекече эсепке алуу системасы киргизилди, пенсиялык системанын топтолуучу элементин киргизүү иштерине даярдык көрүлө баштады. Мурда жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында бул жылдары пенсиянын өлчөмү стабилдүү жогорулатылып,  пенсиялык системанын финансылык туруктуулугу сакталды.

 

 

Пенсиянын орточо өлчөмү,

сом

Пенсионердин жашоо минимумуна карата пенсиянын орточо өлчөмү, %

ИПЦ,

 %

2008-ж.

1426

45,7

124,5

2009-ж.

2111

72,1

106,8

2010-ж.

2800

89,0

108,0

2011-ж.

3760

95,6

116,6

2012-ж.

4270

104,9

103,5

2013-ж.

4432

108,2

106,6

 

 

 

ПМП

Орточо  п е н с и я

 

 

Ошону менен бирге, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар аспектилери бар, алар республиканын пенсиялык системасынын толук кандуу жана натыйжалуу иштешине тоскоол болушууда.

Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын экономикасынын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү чоң, формалдуу эмес сектор кеңири жайылган, эмгектик эмиграция массалык түрдө. Ушунун баары өз кезегинде пенсиялык системанын ишине таасир этип, келечекте анын финансылык туруктуулугуна коркунуч туудурат. Башка өлкөлөргө кеткен жумушчу күчтү эске алсак, азыркы кезде иштеп жана төгүмдөрдү төлөп жаткан адамдардын саны пенсионерлерге караганда бир аз эле жогору. Экономиканын уюшулбаган сектору үчүн  камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тариф чени уюшулган сектордон түшкөн  төгүмдөргө караганда алда-канча аз экендиги бул көйгөйдү андан да татаалдаштырат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында азыркы күндө системанын бардык  катышуучулары үчүн бирдей укуктарды камсыз кылуу жана пенсия түзүүнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү аркылуу пенсиялык системанын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча орчундуу маселе турат. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасын реформалоо боюнча кадамдар белгиленүүдө, Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо системасын өнүктүрүү Концепциясынын долбоору коомдук талкуулоого коюлду.  Аталган долбоорго ылайык, шарттуу-топтолуучу система (ШТС) негизги (доминанттык) катары болот жана анын үлүшү жалпы пенсиянын өлчөмүндө көбүрөөк болуп, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн жалпы жана милдеттүү мүнөзгө ээ.

Топтолуучу компонент милдеттүү, ошондой эле ыктыярдуу да мүнөздө болуп, негизги пенсиянын өлчөмүнө кошумча  иретинде болот. Эгерде пенсионердин камсыздандыруу пенсиясынын өлчөмү белгилүү минимумга жетпесе, аларга мамлекеттик бюджеттен пенсиянын базалык бөлүгү төлөнөт. Мында пенсиялык системанын деңгээлдери так чектелип, аларды каржылоо булактары да так бөлүштүрүлөт.

Ошентип, пенсиялык системанын көп компоненттүүлүгү жетишилет, ал адекваттуу жана жетиштүү пенсия менен камсыздап, тандоо укугун берип жана ага катышууга жарандарга дем берүүсү зарыл.

Пенсиялык системаны рреформалоо боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн аталган Концепциянын долбоору менен төмөнкү багыттар боюнча иш чаралар белгиленүүдө:

  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча тарифдик саясатты өркүндөтүү
  • Пенсия менен камсыз кылууга РБ чыгымдарынын эфективдүүлүгүн жогорулатуу
  • Пенсиялык камсыздандыруу саясатын өркүндөтүү
  • Пенсиялык системанын топтолуучу компонентинин ишин өркүндөтүү
  • Мамлекеттик эмес пенсиялык тейлөө рыногун өнүктүрүү
  • Пенсиялык камсыздандыруу системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү
  • Калктын пенсиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу

 

Камсыздандыруу принциптерин күчөтүү идеяларын ишке ашырууда шартуу-топтолуучу эсептердеги төгүмдөрдү индексациялоо системасы, ошондой эле пенсияларды жогорулатуу формуласы да өзгөрүүгө дуушар болот. Улгайган жарандарды өтө жакырчылык чегинен коргоо үчүн  мамлекеттик бюджеттин каражаттары мамлекет тарабынан белгилүү минимумду камсыздоого багытталышы керек, ошол эле учурда бул иш чара эмгектенүү стимулдарын төмөндөтпөшү зарыл. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары  камсыздандыруу милдеттемерди төлөөгө гана багытталышы керек. Концепциянын долбоорунда каралган бардык чараларды кабыл алуунун натыйжасында Кыргыз Республикасы, эң оболу социалдык камсыздандыруунун негизги принципери болгон – адилеттүүлүккө жана теңдүүлүккө (баланстуулукка), ошондой эле анын натыйжасында пенсиялык камсыздандыруу системасынын эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна  жетишүүгө умтулуусу зарыл.

 

Последние новости

Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга болобу?
Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга болобу?

Бир нече негиздер боюнча пенсия алууга укугу бар адамдарга алардын тандап алуусу боюнча бир...

Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюу жөлөкпулу төлөнөбү?
Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, сөөк коюу жөлөкпулу төлөнөбү?

  Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан...

Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?

Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок...

Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?
Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?

Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары...

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...