Камсыздандырууну актуардык жактан камсыздоо

           Көпчүлүк камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча тарифтердин негиздүүлүгүн түшүнө беришпейт. Тариф чендерин аныктап, Социалдык фонддун финансылык жактан туруктуулугун камсыздап, киреше бөлүгү (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү) менен чыгаша бөлүгүн (пенсия жана жөлпулдарды төлөө) тең салмактуулукта сактоо үчүн экономикалык эсептөөлөрдү жана талдоолорду жүргүзүү зарыл. Ошондой эле тариф чен өлчөмдөрүнүн негиздүүлүгү үчүн актуардык эсептөөлөрдүн түрдүү ыкмаларын жана моделдерин колдонуу керек. Актуардык эсептөөлөр деген аталыш "актуарий" деген сөздөн келип чыккан. Актуарий (англ. actuaru, лат. aciuamius – тез жазмачы, эсепчи) – жашоону узак мөөнөткө камсыздандыруу боюнча тариф чендерин эсептөө усулун илимий негизде иштеп чыккан камсыздандыруу боюнча адис. Актуардык эсептөөлөр тариф чендерин эсептөө жана камсыздоочу менен камсыздандыруучунун өз ара финансылык маилелерин аныктоо боюнча статистикалык жана экономика-метематикалык усулдардын системасы. Актуардык эсептөөлөр калктын жашоосунун узактыгы (т.а. жашоону камсыздандыруу жана пенсиялар) менен байланышкан узак мөөнөттүү камсыздандыруу операцияларында камсыздандыруу фондунун түптөлүү жана сарпталуу механизмин чагылдырат. Камсыздоочунун камсыздандыруучуга көрсөткөн кызматтарынын өз баасын жана наркын эсептөө формасы актуардык калькуляция деп аталат. Актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган баштапкы маалыматтардын жыйындысы актуардык базис деп эсептелет. Актуардык базисти курууда пенсияларды (мисалы, каза болуулар тууралуу, эмгек акылар тууралуу) эсептөө үчүн зарыл болгон статистикалык көрсөткүчтөрдүн келечектеги көлөмү тууралуу, ошондой эле активдерди инвестициялоодон түшкөн кирешелер тууралуу божомолдор жасалат. Актуардык эсептөөлөрдүн милдети кокустан болгон окуялардын мезгилдүүлүгүн баалоо менен байланыштуу, ошондуктан ал ыктымалдык теориясы (теория вероятности) жана статистиканын математикалык моделдерге негизделет. Аткарылып жаткан иштерди актуардык жактан эсептөөлөрдүн негизинде  ички дүң продукциянын болжолу турат, ошондуктан актуардык эсептөөлөрдүн натыйжалары учурдагы экономикалык кырдаалдан өтө эле көз каранды. Мындай типтеги моделдерде айрым жеңилдетилген божомолдор, анын ичинде пенсиялык фонддун келечектеги кирешелери (мүмкүн, эмгек акынын динамикасынын болжолуна негизделген), демографиялык корсөткүчтөр, инвестициялардын кирешелүлүгү тууралуу божомолдор да берилип, андан соң бул шарттардагы аракеттенүүлөрдүн божомолдору түптөлөт. Натыйжада пенсиялык системаны акырындык менен реформалоонун түрдүү варианттарын талдоого жана теңештирүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Калктын келечектеги демографиялык өзгөрүшү Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө пенсиялык реформаларды жүргүзүүгө шарт түздү. Калктын улгайышы  - бөлүштүрүүчү пенсиялык системага оорчулук тийгизген негизги фактор болуп саналат. Пенсиялык камсыздандыруунун контингентин изилдөө, тийиштүү статистикалык жана божомолдоо базасын түзүү –  бул тармактагы бардык башка изилдөөлөр үчүн керектүү негизди түзгөн актуардык изилдөөлөрдүн негизги багыттарынын бири.

         Кыргызстанда азырынча Улутстатком гана мындай статистикалык маалыматтарды кеңири жана үзгүлтүксүз жыйноодо. Белгилүү болгондой, КР пенсиялык системасы азыркы кезде бөлүштүрүүчү принципте иштейт жана анын бир катар өзгөчөлөнгөн элементтери бар, математикалык моделдерди түзүүдө аларды эске алуу зарыл. Бул эң алгач пенсияларды эсептөө ыкмаларына тиешелүү (жекече коэфициенттердин системасы, түрдүу жеңилдиктер, стажы боюнча дал келбөөчүлүк, индексация ж.б.). Бул системага топтолмо элементин киргизүү математикалык моделдерди түзүү жана актуардык типти баалоо зарылдыгын жаратты. Азыркы кезде буга окшогон иштер Социалдык фонддо жүргүзүлүүдө. Бул максатта тарифтик саясат жана актуардык эсептөөлөр башкармалыгы түзүлгөн,  башкармалык өкмөттүк жана илимий уюмдар менен иш алып барууда. Кыргызстандын мамлекеттик пенсиялык системасын актуардык камсыздоо үчүн моделдерди түзүү аябай эле татаал маселелерден болуп саналат, анткени көптөгөн статистикалык факторлорду, т.а. эмгек акынын деңгээлин жана түзүмүн, демографиялык көрсөткүчтөрдү (иштеп жаткандардын санын, түрдүү топтогу пенсионерлердин санын)  региондор боюнча бөлүштүрүп, келечектеги инвестициялардын кирешелүүлүгүн ж.б. эске алуу менен баалоону жана божомолдоону талап кылат.

        Жалпысынан, бул этапта бул моделдерди конкреттештирүү жана анык абалын так чагылдыруу багытында, айрыкча орто жана узак мөөнөттүү перспективада өркүндөтүү жана андан ары иштеп чыгуу боюнча олуттуу иштер жүрүүдө. Кыргызстандын пенсиялык системасынын азыркы кездеги математикалык усулдарына пенсиялык системаны жана социалдык камсыздандурууну реформалоодо келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү боюнча усулдар иштелип чыгууда. Жакынкы келечекте бүтүндөй камсыздандыруу системасын мыктылап, ошону менен бирге жарандардын пенсиялык камсыздоого ишенимин арттыруу күтүлүүдө.

Последние новости

Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?

Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок...

Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?
Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?

Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары...

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.

2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн...

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын...