Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери боюнча социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду айылдык товар өндүрүүчүлөр жана базардагы соодагерлер арасында социологиялык изилдөө өткөрүп, пенсиялык төгүмдөрдү үзгүлтүксүз төлөйсүзбү деген суроого жооп алынды. Анын жыйынтыгы боюнча 62% айылдык товар өндүрүүчүлөр жана 46% соодагерлер гана ооба деп жооп беришкен.

 

 

Пенсиялык төгүмдөрдү төлөйсүзбү?

Фермерлер

Сатуучулар

Ооба, дайыма

62,2%

46,2%

Ооба, бирок дайыма эмес

14,3%

23,6%

Жок, анткени эмне үчүн жана кайда төлөөну билбейм

14,2%

16,6%

Жок, анткени төлөгүм келбейт

2,1%

9,3%

Жок, анткени төлөөгө мүмкүнчүлүгүм жок

6,4%

3,3%

Ошол эле учурда, пенсиялык төгүмдөрдү төлөгүсү келбеген фермерлердин жарымынан көбү (52,5%)  келечекте пенсия алгысы келет, 44,8% пенсия алам деген ишеними жок, бирок алууну каалашат жана  2,7% гана өз күчүнө жана бала-бакыраларынын жардамына ишенип, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн баш тартышууда.

Фермерлер тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү тууралуу сөз козгосок, фермерлердин эң көп пайызы (35,9%)  акыркы жыл ичинде 500 сомго жетпеген төгүмдөрдү төлөшкөн.

Акыркы жыл ичинде фермерлер тарабынан пенсиялык төлөмдөрдү төлөө

Пенсиялык төгүмдөрдү дайыма төлөгөн фермерлер акыркы жыл ичинде орто эсеп менен 4483 сомдон төлөшкөн. Пенсиялык төгүмдөрдү үзгүлтүккө учуратып төлөгөн фермерлер акыркы жыл ичинде орто эсеп менен 2370 сомдон төлөшкөн.

Ошону менен бирге, сурамжылоого катышкан фермердик чарбалардын мүчөлөрү орто эсеп менен айына 5,000 ден 10,000 сомго чейин (44,2%),  28,6% фермерлер  5,000 сомго чейин киреше алышат.

Фермердик чарбанын бир айлык кирешеси

Соодагерлер арасында жүргүзүлгөн ушундай эле сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча алардын 23,5 % акыркы жылы 1,000 ден 1,500 сомго чейин, 22,4% - 2,000 ден 2,500 сомго чейин пенсиялык төгүмдөрдү төлөшкөн. Пенсиялык төгүмдөрдү дайыма төлөгөн 5 % соодагерлер акыркы жыл ичинде 2,000 ден 4,000 сомго чейин пенсиялык төгүмдөрдү төлөшкөн.

Акыркы жыл ичинде соодагерлер тарабынан пенсиялык төлөмдөрдү төлөө

Ошол эле учурда, (44,2%) соодагерлердин бир айлык кирешеси 5,000 ден 10,000 сомго чейин экендиги аныкталып, болгону 13,8% гана соодагерлер айына 5000 сомго чейин киреше алышат.

Соодагерлердин бир айлык кирешеси

Последние новости

КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-июль айларында 15239 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-июль айларында 15239 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча маалымат
Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча маалымат

2010-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына экономиканын...

КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!
КУРМАН АЙТ МААРЕК БОЛСУН!

Урматтуу Кыргызстандыктар ! Сиздерди Курман айт – мусулмандардын ыйык майрамы...

2019-ж. январь-июль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 26 млрд 060,8 млн сом каржыланды.
2019-ж. январь-июль айыларында пенсия жана жөлөкпулга 26 млрд 060,8 млн сом каржыланды.

- Бишкек ш.  — 4 млрд 274,4 млн сом - Чуй обл. — 4 млрд 037,7 млн сом...

2019-ж. январь-июнь айыларында пенсия жана жөлөкпулга 22 млрд 344,6 млн сом каржыланды
2019-ж. январь-июнь айыларында пенсия жана жөлөкпулга 22 млрд 344,6 млн сом каржыланды

- Бишкек ш.  — 3 млрд 667,4 млн сом - Чуй обл. — 3 млрд 457,7 млн сом...

КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-июнь айларында 13841 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-июнь айларында 13841 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Соцфонд 2019-ж. 1 июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинетин» ишке киргизүүдө.
Соцфонд 2019-ж. 1 июлунан тартып «Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинетин» ишке киргизүүдө.

2019-жылдын 25-июнунда, Бишкекте  КР ЖК депутаттарынын, КР Президентинин...

2018-ж. КР Социалдык фондунун ишинин жыйынтыгы
2018-ж. КР Социалдык фондунун ишинин жыйынтыгы

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жалпы кирешеси жыл...

Орозо Айтыңыздар маарек болсун!
Орозо Айтыңыздар маарек болсун!

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бардык кыргызстандыктарды ыйык Орозо айт майрамы менен...

Соцфонддун төрагасынын 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу
Соцфонддун төрагасынын 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу

Ардактуу ардагерлер!  Урматтуу достор!  Бардыгыңыздарды Улуу Жеңиш майрамы...

ЫЙЫК ОРОЗО АЙЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!
ЫЙЫК ОРОЗО АЙЫҢЫЗДАР КУТ БОЛСУН!

Урматтуу кыргызстандыктар, мусулмандар! Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду кирип келген...

Соцфонддун төрагасынын КР Конституция күнү менен куттуктоосу!
Соцфонддун төрагасынын КР Конституция күнү менен куттуктоосу!

Урматтуу Кыргызстандыктар!   Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын...

КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-март айларында 7222 кайрылуу кабыл алды
КР Соцфондунун Колл-борбору 2019-ж. январь-март айларында 7222 кайрылуу кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык...

Нооруз майрамыңыздар менен!
Нооруз майрамыңыздар менен!

Урматтуу Кыргызстандыктар!   Жаркыраган жаз менен эл күткөн Нооруз майрамы да...

Бишкекте, Октябрь райондук Соцфондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.
Бишкекте, Октябрь райондук Соцфондунун жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү.

2019-жылдын 20 мартында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Ирсалиев М.Э., ММК...