Жарандарды жекече эсепке алуунун маанилүүлүгү

1996-жылдан баштап милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн жарандарды персонификациялык эсепке алуу системасы киргизилген. Социалдык фонддо жекече эсепке алуунун бирдиктүү маалыматтык базасы түзүлгөн, анда ар бир жеке индивидуалдык номерге (ПИН) өздүк камсыздандыруу эсеби ачылат. Бул жекече номерде эмгек акысы, 1996-жылдан тартып эсептелген жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар топтолот. Өздүк камсыздандыруу эсеби пенсияларды борборлоштуруп чектөөдө жана кайра эсептөөдө, пенсияларды индексациялоодо колдонулат.

Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын калкынын 90% жекече эсепке алуу менен камтылган. 4,791 млн. адам 14 сандуу ПИНдин негизинде идентификацияланган жана бул сандар жарандын өмүрүнүн акырына чейин өзгөрүлбөйт. ЖИН түзүү технологиясы номердин өзгөчөлүгүн камсыздайт. ПИНдин 14 сандуу түзүмдүк бөлүктөрү жөнөкөй алгоритмдердин жардамы менен өзгөчө эсептелип чыгарылган жана өзгөрүлбөй турган өздүк номерди түзүүгө мүмкүндүк берет.

2004-жылдан тартып ПИН бала төрөлгөндөн баштап ыйгарылып келет. Жекече эсепке алууда катталган жарандардын контингенти ар түрдүү– бул эмгекке жарамдуу жарандар, мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдар, студенттер, расмий катталган жумушсуздар, аскер кызматчылары, пенсионерлер ж.б.

Ошондой эле, ПИН жалпы жарандык паспорт, ID-кард, толук эмес билими жөнүндө күбөлүк, аттестат сыяктуу мамлекеттик маанидеги документтерге да коюлат.

ПИН көптөгөн министрликтер жана ведомстволор үчүн негизги номерлерден болуп, ички ведомстволук маалымат базасын түзүүдө колдонулууда: 

- КРӨ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (КР МКК) паспортторду даярдоодо жарандарды идентификациялоо үчүн;

- КРӨ караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык кызматтарга жеңилдиктерди берүүдө бейтаптарды идентификациялоо жана камсыздандыруу статусун аныктоо үчүн;

- КРӨ караштуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) салык төлөөчүлөрдүн маалымат базасын түзүүдө; 

- Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясы (КР БШК) шайлоочулардын маалымат базасын түзүүдө; 

- КР Билим берүү министрлиги аттестаттарды, толук эмес билим жөнүндө күбөлүктөрдү берүүдө;

- КР Калкты социалдык жактан коргоо министрлиги социалдык жөлөкпулдарды берүүдө;

- КР Жаштар, эмгек жана маданият министрлиги жөлөкпулдарды берүүдө.

Ошентип, бүгүнкү күндө Социалдык фондунун жекече эсепке алуу маалыматтык базасы жеке пенсиялык эсептер боюнча маалымат базасы гана болбостон, бардык эле министрликтер жана ведомстволор тарабынан колдонулуп келүүдө.

Ушуга байланыштуу, ар бир жаран өзүнүн жеке камсыздандыруу жана топтоо эсептерин контролдоо максатында интернет тармагы боюнча ал маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетип, жекече эсепке алуу маалымат базасынын маанисин жана ишин күчөтүү белгиленүүдө.

Мындан сырткары, пенсиялык системанын ишин өркүндөтүү алкагында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр жана пенсия дайындоо үчүн отчетторду тапшыруу процессин болушунча жеңилдетүү жана тездетүү максатында Социалдык фонд органдарынын маалыматтык-техникалык камсыздоо боюнча иштерин өркүндөтүү боюнча бир катар чаралар каралууда. 

Последние новости

Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?

Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок...

Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?
Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?

Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары...

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.

2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн...

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын...