Мамлекеттик пенсиялык топтолмо фонду

2010-жылдын 1-январынан баштап  экономиканын уюшулган секторунда иштеген кызматкерлердин бардык категориясы үчүн Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына милдеттүү топтолмо элемент киргизилди.

         Бирок 2012-жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн милдеттүү төлөөдөн пенсионер-кызматкерлер жана 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркек-кызматкерлер жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аял-кызматкерлер бошотулган.

         Пенсиянын топтолмо бөлүгү (пенсиялык топтоолор) камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн 2 % өлчөмүндө Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна төлөгөн милдеттүү эсебинен түзүлөт. Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык топтоолору камсыздандырылган адамдын КР Социалдык фондунун жекече эсепке алуу системасындагы жеке камсыздандыруу эсебинин топтолмо бөлүгүнө киргизилет.

         Пенсиялык топтолгон каражаттар камсыздандырылган адамдардын менчиги болуп эсептелет, башка деңгээлдеги бюджетке алынбайт, күрөөнүн жана башка милдеттемелердин предмети болуп саналбайт.

         Социалдык фонд камсыздандырылган адамдардын пайдасына инвестициялык киреше алуу максатында алардын пенсиялык топтоолорун мыйзамда белгиленген финансылык инструменттерге милдеттүү түрдө инвестициялайт. Азыркы кезде КР Социалдык фондуна пенсиялык топтолгон каражаттарды мамлекеттик баалуу кагаздарга, камсыздалган облигацияларга (күрөөлүк), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облигацияларына, ипотекалык баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктардын депозиттерине инвестициялоого уруксат берилген. Пенсиянын топтолмо бөлүгүнө  төлөнгөн төгүмдөрдөй эле алынган кирешелер да жарандардын жеке эсептеринде чагылдырылат жана алардын пенсиялык топтоолорун толуктоого шарт түзөт.

         2016-жылдын январынан баштап камсыздандырылган жарандар пенсиялык топтоолорун башкаруу үчүн башкаруучу компанияны тандоого же пенсиялык топтоолорун мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго которууга укуктуу болушту. Социалдык фонд башкаруучу компанияларды же пенсиялык фондду тандай элек жарандардын пенсиялык каражаттарын башкарууну улантат.

         2013-жылдын январынан тартып пенсиялык куракка жетип, пенсия алууга кайрылган жарандарга, иштеген пенсионерлерге, Кыргызстандан башка өлкөгө туруктуу жашоого кетип жаткан камсыздандырылган адамдарга, каза болгон камсыздандырылган адамдардын мураскорлоруна пенсиялык топтолгон каражаттары төлөнө баштады. Камсыздандырылган жарандарга төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-октябрындагы № 745 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү Эрежелеринде көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.

         Мыйзам боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүнө экономиканын уюшулган секторунда иштеген кызматкерлерден сырткары  башка жарандар да катыша алат. Мында Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө үчүн камсыздандыруу полистерин сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

 

 

Последние новости

Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?

Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок...

Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?
Каза болгон пенсионердин төлөнбөй калган пенсиясын алууга ким укуктуу?

Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары...

Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?

Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: - Аткарылышы Кыргыз...

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын 1-кварталындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү

Социалдык фонд 2024-жылдын 1-кварталында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ)...

Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн
Соцфондго 2024-жылдын биринчи кварталында 2718 кайрылуу келип түшкөн

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына...

Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары
Мугалимдер үчүн Социалдык фонддун семинары

КР Соцфондунун Окуу борбору мекемесинин кызматкерлери КР Билим берүү жана илим министрлигинин...

Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо
Соцфонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту талкуулоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы...

Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!
Соцфонддун кызматкерлери кезектеги ишембиликте!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты кезектеги...

Топтомо пенсияны алуунун жолдору
Топтомо пенсияны алуунун жолдору

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун...

2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди
2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия дайындалып чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-март айларында 17132 жаранга пенсия...

Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат
Пенсия курагындагы мугалимдер, пенсия системасындагы өзгөрүүлөрдү кубатташат

Бишкек шаарынын №7чи орто мектебинде, Алтын-Ордо конушундагы №98чи орто мектебинде жана Тунгуч...

Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында
Ишембилик: Соцфонддун кызматкерлери тазалыктын башында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жамааты 2024-жылдын 6-апрелинде...

2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды
2024-ж. январь-март айларында Соцфонддун Call-борбору 3909 кайрылууну кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Call-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу...

Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу
Соцфонддун семинары: Эмгекчилердин укуктарын коргоону жакшыртуу

2024-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Соцфонддун Бишкек шаарынын жана...

ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө
ЕАЭБ макулдашуунун алкагында пенсия чектөө

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен...

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.
Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат.

2020-жылы тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн...

Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, эмгек акыларынан төгүмдөрү жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын...