КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө

 

1-берене

1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети             1-тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 57 892 134,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 57 004 965,8 миң сом.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин профицити 887 168,6 миң сом суммасында белгиленсин.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-2022-жылдарга бюджетинин божомолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

4-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо каражаттары 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.

5-берене

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2020-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө чыгымдарын эске алуу менен, 22 007 980,1 миң сом суммасында белгиленсин.

6-берене

1. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоо 2 569 655,4 миң сом суммасында белгиленсин.

2. 2020-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 315 515,4 миң сом суммасында белгиленсин.

7-берене

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2020-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

8-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти