Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд системасындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча

иш-чаралардын деталдаштырылган планынын аткарылышы боюнча

2018-жылдын  1-апрелиндеги абалына карата

кыскача маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө»  2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тарабынан жактырылган КР Социалдык фондунун системасында мүмкүн болгон коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планы 51 пункттан туруп, анын ичинде 7 коррупциялык тобокелчилик зоналарынын 63 иш-чаралары аныкталган. Жалпысынан алганда 63 иш-чаралардын арасынан 47си аткарылган (75,0%). Азыркы учурда коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун 2018-жылдын 15-мартындагы № 18-3 РГ протоколунун тапшырмаларына ылайык калган иш-чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин эксперттери менен коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планын актуалдаштыруу жана кайрадан түзүп-чыгуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Коррупцияга каршы иш-аракеттердин жыйынтыктарындаКыргыз Республикасынын Социалдык фондунун системасында мүмкүн болгон коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планында каралган иш-чаралардын негизинен аткарылып, мындан аркы жүргүзүлүүчү иштер коррупцияга каршы механизмдердин иш-жүзүндө аткарууга, коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн камсыздоого багытталып жатат:

Жеке камсыздандыруу эсебинен каалаган убакытта жеке электрондук дарекке маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаран өзүнүн жашаган  жери боюнча тийиштүү КР Социалдык фондунун райондук, шаардык башкармалыгына кайрылып, башында бир жолу арыз тапшырат. КР Социалдык фондунун www.socfond.kg расмий сайтында өзүнүн жеке электрондук дарегин көрсөтүү менен каттоодон өтүүгө болот жана жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматтар көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлүп турат. Муну менен Социалдык фондко жүргүзүлгөн чегерүүлөр жана пенсиянын болжолдуу алдын-ала өлчөмү, топтоолор боюнча маалымат  алып туруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.  

Келечектеги пенсиянын өлчөмүн пенсиялык калькулятор аркылуу алдын-ала, болжолдуу эсебин чыгарып көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Болжолдуу пенсиянын эсебин чыгарып берүүчү пенсиялык калькулятор КР Социалдык фондунун www.socfond.kg расмий сайтында жайгаштырылган. Жарандарга өзүнүн пенсиясынын болжолдуу эсебин мекемелик расмий сайтында тиешелүү маалыматтарды киргизүү менен алууга болот, андан тышкары пенсия чектөөдө зарыл болгон иш-кагаздары боюнча керектүү маалыматты түздөн-түз алууга болот.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулуктун электрондук системасы иштелип чыкты, муну менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө отчетторун интернет байланыш каражаттары аркылуу электрондук формада тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилип, төлөөчүлөрдү отчетторун мындай түрдө тапшырууга кызыктыруу иштери жүргүзүлүп жатат, бул кызмат көрсөтүү акысыз. 

Социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттарын жөнөкөйлөтүү максатында Социалдык фондунун билинг системасы иштелип чыгып, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү банктар жана төлөм терминалдары аркылуу алынат.

Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлүүчү накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйүүдө. Пенсияларды төлөө үчүн улуттук төлөм системаларынын ыңгайлуулугу, артыкчылыктары тууралуу калк арасында дайыма түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет, анткени пенсионерге пенсиясын каалаган күнү колдонуу ыңгайлуулугу бар жана “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын кызмат көрсөтүүсүнөн айырмаланып кызмат акылары төмөн.  

Пенсия, пособие жана башка төлөмдөр транзиттик эсеп аркылуу пенсионерлердин коммерциялык банкттардагы жеке эсептерине которулат, пенсияларды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча 18 коммерциялык банкттар менен келишимдер түзүлүп, иштер жүргүзүлүп жатат.

2017-жылдын 1-январына карата алганда республика боюнча пенсия алуучулардын саны 617 350 пенсионер болгон, анын ичинде банк аркылуу пенсия алуучулардын саны 264 755 пенсионер болуп, жалпы санынын 43% түзгөн.

2018-жылдын 1-январындагы абалында  республика боюнча пенсия алуучулардын саны 633 810 пенсионер болду, анын ичинде банк аркылуу пенсия алуучулардын саны 296 867 пенсионер болуп, жалпы санынын 47% түздү.

Банк аркылуу пенсия алуучулардын саны 2017-жылдын 12 айында 4% өстү.

Пенсияны чектөөдө бир катар жөнөкөйлөтүүлөр каралды.

Пенсияны чектөө үчүн керектүү болгон  1996-жылдан берки мезгилге жылдык маалыматтар  жеке эсепке алуу базасында бар болгон учурда жарандардан суратып алуу токтотулду.

КР Социалдык фондунун регионалдык башкармалыктарынын кызматкерлеринин типтүү кызматтык нускамалары, жоболору, пенсия чектөөгө арыздарды каттоо, пенсиялык күбөлүктү жана пенсиянын өлчөмү тууралу маалым катты берүү тартиби бекитилди.

Жаңы дайындалган пенсиялык иштер боюнча маалыматтарды базага киргизүү функциясы КР Социалдык фондунун регионалдык башкармалыктарына өткөрүлүп берилди.

Пенсия чектөө үчүн зарыл болгон айлык акылары боюнча маалымкатты тапшыруу тартибин жөнөкөйлөтүү максатында мыйзамга өзгөртүү киргизилди («Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, 2017-жылдын 6-майы, № 76), ага ылайык жарандын мурда иштеген мекемесинен же болбосо архив агенттигинен айлык акылары боюнча маалым катты алууга мүмкүнчүлүгү жок болуп калган учурунда, пенсионердин макулдугу менен пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгү айлык  акынын белгиленген эң аз өлчөмүнөн камсыздандыруу стажына жараша пайыздарда көбөйтүлүп алынат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынды, бул мыйзамда пенсия чектөө тартиби өзгөрүлүп жарандар үчүн пенсияга чыгууга тапшыруучу документтердин топтоо процедуралары жеңилдетилди: жарандар негизги документтерди гана тапшырат (паспорт, эмгек китепчеси, айлык акылары жөнүндө маалымат); пенсияга чыгуу укугуна 6 ай калган мезгилде кайрыла алат; пенсия чектөөгө керектүү документтерди жарандын катышуусуз топтоо милдети Социалдык фондго жүктөлөт.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаменти жана КР Социалдык фондунун ортосунда маалыматтарды автоматташтырылган түрдө алмашуу камсыздалды. Маалыматтык коопсуздук жактан корголгон электрондук байланыш каналы түзүлдү. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан “ЗАГС” автоматташтырылган маалыматтык системасы республиканын бардык аймактарына жайылтылып, калктын эсебин жүргүзүү иш жүзүндө электрондук форматка өткөрүлдү.

Бүгүнкү күндө КР Социалдык фонду каза болгон жарандар боюнча маалыматты Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментинин бардык бөлүмдөрүнөн электрондук түрдө алып турат, муну менен пенсияларды чектөөдө жана кайра эсептөөдө катачылыктарды кетирбегенге мүмкүн болуп, каталарды табууда ыкчамдуулук жогорулады.

Республиканын бардык аймактары боюнча пенсиянын чектелишин жана кайра эсептелишин автоматташтырылган программада жүргүзүү камсыздалды. «ELeed» программасында пенсиялык иштерди актуалдаштыруу башталды. 2015-жылдын августунан 2016-жылдын апрелине чейин бардык райондук, шаардык башкармалыктарда “Пенсияны чектөө жана кайра эсептөө” блогу ишке киргизилген. 2016-жылдын апрелинен тартып бардык райондук, шаардык башкармалыктар пенсиялык иш-кагаздарын каттоону жана пенсияны чектөөнү жаңы маалыматтык системада жүргүзүп жатат. Бардык региондор боюнча кызматкерлер тиешелүү окуулардан өтүшүп, эски пенсиялык иш-кагаздарын «ELeed» программасына которуп жатышат.

Кызматкерлердин кызмат орундарын алмаштыруу жүргүзүлүп турат. Кызмат орундарын которуу коррупциянын алдын-алуу, укук бузууларды жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана алсыздандыруу максатында жүргүзүлүп, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн тартиптерин караштырып чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мөөнөттөрү өтүп кеткен карыздар менен иш алып барууда айкындуулук камсыздалды. КР Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан “КР Социалдык фондунун камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды жана финансылык санкцияларды өндүрүү тартиби жөнүндө” Жобо бекитилип, кепилдин финансылык абалын баалоо процесси, күрөөгө коюлган мүлктүн бааланышы жана эсепке алынышы регламенттештирилди.

Активдер менен иш алып барууда айкындуулук камсыздалды. Депозиттик аукциондун комиссиясынын сандык жана сапаттык курамы аныкталып, комиссия отурумунун кворуму кайрадан каралып чыгып, коммерциялык банкттардын жана башка жактардын депозиттик аукциондорго байкоочу катары катышуусу каралды. КР Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан “КР Социалдык фондунун депозиттик аукциондорун өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобо бекитилди. “Депозиттик аукцион” деген модуль иштелип чыгып, банктардан буйрутмаларды кабыл алууга жана каттоого алууга жалпыга жеткиликтүү жерге айнек ящик орнотулган.

КР Социалдык фондунун Башкармалыгы тарабынан “КР Социалдык фондунун убактылуу бош акча каражаттарын банктык депозиттерине жайгаштыруу тартиби жөнүндө” Жобо бекитилип, КР Социалдык фондунун убактылуу бош акча каражаттары банктык депозиттерине жайгаштыруу депозиттик аукциондорду өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

Жеке идентификациялык номер (ПИН) ыйгаруу функциясы  КР Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо Департаментине өткөрүлүп берилди. 2016-жылдын 1-августунан тартып КР Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарга жеке идентификациялык номерди ыйгаруу иштерин Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органдары (ЗАГС) аркылуу жүргүзөт. КР Өкмөтүнүн караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана КР Социалдык фонд ортосунда мекеме аралык маалымат алмашуу келишими түзүлүп, онлайн режиминде электрондук маалымат алмашуу иштери жүргүзүлөт.

Жарандар үчүн Социалдык фонддун иши боюнча маалымат алып турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун “www.socfond.kg” расмий интернет-сайты калк үчүн колдонууга ылайыктуу болуп иштейт. Бул сайт аркылуу мамлекеттик социалдык камсыздоо жана пенсиялык камсыздалышы боюнча келип чыккан суроолорду онлайн режиминде берүүгө жана жообун алууга мүмкүнчүлүк берилет. Жарандардын түздөн-түз таанышуусу үчүн мамлекеттик социалдык камсыздоо жана пенсиялык камсыздалышы багытындагы укуктук-ченемдик актылар, маалыматтар, иш графиктери, жарандарды кабыл алуу графиги, 0(312) 54-33-16, 57-66-61 ишеним телефондорунун жана 1202 Call-борборунун номерлери, help@sf.kg электрондук почтасынын дареги жайгаштырылган.